Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ринат Бакеев: эгемендик алган алгачкы жылдарга караганда музейлер жакшырды

© Фото / Курманбек кызы ЧынарМаданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Ринат Бакеев
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Ринат Бакеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө аймагында ар кыл багыттагы 58 музей бар. Ал имараттарга жылына жарым миллиондой адам барат. Анда ар кайсы доорго жана маданияттарга таандык 250 миңден ашык экспонат бар.
Ринат Бакеев: эгемендик алган алгачкы жылдарга караганда музейлер жакшырды

Кыргызстандагы музейлердин материалдык-техникалык базасы акырындык менен жакшырууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Ринат Бакеев билдирди.

Анын айтымында эгемендик алган жылдарга салыштырмалуу музейлерди жакшыртууда жылыштар бар.

"Эгемендик алган алгачкы жылдарга салыштырмалуу музейлердин абалы жакшырып калды. Учурда дагы жаңы долбоорлорду ишке ашырып, заманбап жабдууларды колдонуу аракеттерин көрүп жатабыз. Бир гана көйгөй музейде иштеген адистер тартыш болуп жатат. Анткени учурда ал жакта тарыхчылар менен археологдор иштеп, атайын даярдалган адистер жок болууда", — деди Бакеев.

Кыргызстанда учурда 58 музей иштейт, анда 700дөн ашык кызматкер эмгектенет. Бул музейлерде 250 миңден ашык экспонат бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0