12:11 24 Бугу 2017
Түз эфир
Өнүгүү — Прогресс фракциясынын депутаты Мирлан Бакировдун архивдик сүрөтү
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Бакиров: Жалал-Абадда РЭСтин инспекторлору тизме түзүү менен алек

Радио
Кыскача шилтеме алуу
30 0 0

"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров Жалал-Абадда шайлоо алдында калыстык болбой жатканын баса белгиледи.

Жалал-Абадда РЭСтин инспекторлору акча чогултпай эле тизме түзүү менен алек. Бул тууралуу "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди.

Эске сала кестек, 28-май күнү айрым жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт

"Жалал-Абад шаардык кеңештин шайлоосуна жети партия катышат. Бирок атаандаштык калыс болбой жатат. Мугалимдер окуучуларды шайлоого ата-энелериңерди алып келесиңер десе, РЭСтин инспекторлору акча чогултпай эле тизме түзүү менен алек", — деди Бакиров.

Эл өкүлү мурунку шаар мэри кайсыл бир партиядан талапкер катары кетип жатканын, мамлекеттик кызматкерлер чарба менен эмес, шайлоо менен гана алек болуп калганын кошумчалады.

Тема боюнча

Депутат: мугалимдер окуучуларды ата-энелерин шайлоого алып келүүгө мажбурлап жатат
Белгилер:
шайлоо, тизме, Жалал-Абад

ЭҢ МААНИЛҮҮ