Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жумабаева: мүмкүнчүлүгү чектелген балдарын таштап кеткен ата-энелер арбын

© Sputnik / Максат ЭлебесовЭмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Үй-бүлө жана баланы коргоо башкармалыгынын жетекчиси Жаңыл Жумабаева
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Үй-бүлө жана баланы коргоо башкармалыгынын жетекчиси Жаңыл Жумабаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үй-бүлө жана баланы коргоо башкармалыгынын жетекчиси балдарын таштаган ата-энелер алардан кабар алып турарын белгиледи.
Жумабаева: мүмкүнчүлүгү чектелген балдарын таштап кеткен ата-энелер арбын

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарын таштап кеткен ата-энелер арбын. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Үй-бүлө жана баланы коргоо башкармалыгынын жетекчиси Жаңыл Жумабаева билдирди.

Анын айтымында, акыркы үч жылда чет элдиктер Кыргызстандан 66 бала асырап алган.

"Бүгүнкү күндө Кыргызстанда балдардын төрөлүүсү жакшы. Жылына 150 миңден ашуун бала төрөлөт. Ал эми былтыр ата-энелер 48 баладан баш тартышкан. Токмоктогу балдар үйүндө учурда 86 ымыркай бар. Алардын 10го чукулу эле ташталган. Калгандарынын ата-энелери бар. Болгону алар мүмкүнчүлүгү чектелип төрөлгөндүктөн ата-энелери алардан баш тарткан", — деди Жумабаева.

Ал мүмкүнчүлүгү чектелип, балдар үйүнө ташталгандардан ата-энелери кабар алып турарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0