Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бердигулов: Талды-Суудагы маданият үйү 12 жылдан бери иштебей келет

© Фото / Нурзада МукашеваАт-Башы районунун Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Улан Бердигулов
Ат-Башы районунун Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Улан Бердигулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Клубду оңдотуу боюнча бир нече долбоор жазылганы менен эч кимден колдоо таппай келет.
Бердигулов: Талды-Суудагы маданият үйү 12 жылдан бери иштебей келет

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Улан Бердигуловдун айтымында, 1979-жылы курулган 280 орундуу клуб иштен чыккандан бери эл ырчылар койгон концертти мектептин залынан көрүүгө аргасыз.

"Клубду оңдотуу үчүн бир нече долбоор жазганбыз, бирок колдоого алынбай жатат. Айылга ырчылар келип калганда концертти мектептин залына коюуга аргасыз болот. Өткөндө Ташчайнар келген. Мектептин залына эл батпай калгандыктан сыртка чыгууга туура келди. Тургундар күндүн суугуна карабай көрүп отурушту", — деди Бердигулов.

Айыл өкмөт башчысы айылдагы жаштар интернетке алаксып жатса, улуу муундагылар маданий иш-чараларга суусап, четте калып жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0