Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Чыныбаев: айрымдар таш талкалап колуңду оорутуп алба деп коркушат

© Sputnik / Эламан КарымшаковРаботник вулканизации Улан Чыныбаев
Работник вулканизации Улан Чыныбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл арасында "Таш чабар" атка конгон каарман колу менен муштумдай таштарды талкалап, булбулча сайрат.
Чыныбаев: айрымдар таш талкалап колуңду оорутуп алба деп коркушат

Улан Чыныбаев Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылынын кулуну. Тогуз жылдан бери Бишкектеги дөңгөлөк желимдөөчү жайлардын биринде иштеп келет.

"Бала кезде сайда ойноп жүрүп бир жалпак ташты чаап көрсөм сынып калды. Ошондон тарта кызыгуум күчөп чоң таштарга өтө баштадым. Таш талкалап жатканымды көргөндөр таң калып телефонуна тартып кетишет. Кээ бирлери минтип жүрүп ден соолугуңа зыян келтирип алба деп айтышат. Бирок өзүмө ооруганы анча деле сезиле бербейт", — деди Чыныбаев.

Чыныбаев бул өнөрдүн пайдалуу жактары курулуш тармагында иштеп жүргөндө айылдык балдар менен акчага мелдешип, түшкү тамак алдырганым болду деп тамашалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0