Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Усенов: Кытайда Атамбаев "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жол курулушун талкуулады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезиденттин маалымат кызматынын жетекчиси Алмаз Усеновдун архивдик сүрөтү
Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Алмаз Усеновдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев Кытайда өткөн эл аралык кызматташтык боюнча "Бир алкак – бир жол" форумуна катышты.
Усенов: Кытайда Атамбаев "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жол курулушун талкуулады

Президент Алмазбек Атамбаев 16-майда Кытайга жумушчу сапарынын алкагында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугуп, "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун курууга тиешеси бар маселелерди талкуулады. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Алмаз Усенов айтып берди.

"Жолугушууда президент эл аралык кызматташтык боюнча "Бир алкак – бир жол" форумуна катышууга чакырганы үчүн кытай тарапка ыраазычылык билдирди. Аны менен бирге Кытай Кыргызстандын жакшы кошунасы, өнүгүү боюнча маанилүү жана ишенимдүү өнөктөшү экенин баса белгиледи", — деди Усенов.

Рабочий визит президента КР Алмазбека Атамбаева в Китай - Sputnik Кыргызстан
Кытай Кыргызстанга жардам берүүнү улантат. Атамбаев Си Цзиньпин менен жолукту
Атамбаев Кытайдын бул жылдар ичинде Кыргызстанга берген гранттык, финансылык жана техникалык жардамы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө сезилерлик жардам болгондугун айткан.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө лидерлер Кыргыз-кытай фондун түзүүгө, "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун курууга тиешеси бар маселелерди талкуулашкан.

Андан тышкары, коопсуздук чөйрөсүндө, маданий-гуманитардык багытта өз ара аракеттешүүнү тереңдетүү жана биргелешкен илимий-практикалык иш-чараларды өткөрүү маселелери тууралуу сөз болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0