Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Баетов: милициянын өлүмү боюнча бөлүм башчы соттолду

© Фото / Зульфия ТургуноваАдвокат Болот Баетовдун архивдик сүрөтү
Адвокат Болот Баетовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ошто милициянын киши колдуу болгонун жашырган сот-медициналык бөлүмдүн башчысы үч жылга эркинен ажыратылды.
Баетов: милициянын өлүмү боюнча бөлүм башчы соттолду

Ош облустук сот-медициналык экспертиза бюросунун Алай райондук бөлүмүнүн башчысы киши колдуу болгон милициянын сержанты Майрамбек Нажиновдун өлүмү боюнча жалган корутунду чыгарып бергени маркумдун сөөгү эксгумацияланып, кайра экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин билинди. Бул тууралуу Sputnik агенттигине жабырлануучу тараптын жактоочусу Болот Баетов аймактык кабарчыга айтып берди.

Эске салсак, былтыркы жылдын 21-сентябрында Mersedes-Benz үлгүсүндөгү унаа Сары-Могол айылынан Сары-Ташка бара жатып жолдун түштүк тарабындагы тосмону сүзүп кырсыкка кабылган. Натыйжада унаанын алдыңкы отургучунда отурган Нажинов алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

"Жол кырсыгына кабылган автоунаанын айдоочусу кармалып, камакка алынган. Ага кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары улантылып жатат. Ал эми сот-медициналык экспертиза бюросунун Алай райондук бөлүмүнүн башчысы кырсык болгон күнү Нажиевдин денесин Алай райондук ооруканасынын өлүк сактоочу жайында караган. Бирок толук изилдеген эмес. Нажиев жол кырсыгына чейин алган жаракаттарды көмүскөдө калтырып, жалган корутунду жазып берген", — деди жактоочу Баетов.

Билдирүүгө ылайык, милициянын сержанты Майрамбек Нажиев Алайдагы мектептин курулуш иштерине чейин Ички иштер министрлигинин алдындагы атайын адистештирилген күзөт кызматынын Кадамжай райондук бөлүмүндө иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0