Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Дыйканов: Бишкектин тегерегинде сатылган кымыздын көбү кургатылган сүттөн жасалат

© Фото / Канат Кыдырмаев "Кымыз сүйүүчүлөр коомунун" уюштуруучусу Бакыт Дыйканов
Кымыз сүйүүчүлөр коомунун уюштуруучусу Бакыт Дыйканов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектин тегерек четинде кымыз сатып жаткандардын айрымдары аны бээ сүтүнөн эмес, кадимки кургатылган сүттөн жасашары айтылды.
Дыйканов: Бишкектин тегерегинде сатылган кымыздын көбү кургатылган сүттөн жасалат

Эл арасында кымыздын порошогу Кытайдан жасалат деген ой жаңылыштык экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине "Кымыз сүйүүчүлөр коомунун" уюштуруучусу Бакыт Дыйканов билдирди.

"Бишкектин тегерегинде жана Суусамырда кымыз саткан айрым ишкерлер кымызды кадимки уйдун кургатылган сүтүнөн жасашат. Алар кургатылгын сүттү сууга аралаштырып туруп, үстүнө ачып кеткен кымызды кошуп коюшат. Кымыз сүйүүчүлөр таза кымыздын таламын талашып, абийирсиз ишкерлер менен далай күрөшүп көрдүк. Акырында жасасаңар дагы сапаты жакшы сүттөн жасагыла деп калдык. Анткени алар кампалардан мөөнөтү өтүп кеткен сүттөрдү алышат", — деди Дыйканов.

Ал учурда кымызды көбүнесе ден соолукту чыңдоо максатында ичип калган кыргызстандыктарды айрым ишкерлер ушундай жол менен алдап жатканына нааразы экенин кошумчалады.

КРдин артынан жан баккан ишкерлер тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин макаласынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0