Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамашарипов: Ошто каруселден кулагандардын үчөө жаш балдар болгон

© Фото / Зульфия ТургуноваОш шаардык оорукананын директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары Кылычбек Мамашарипов
Ош шаардык оорукананын директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары Кылычбек Мамашарипов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарындагы эс алуу жайда кулаган каруселден 11 адам жабыркап ооруканага жеткирилген.
Мамашарипов: Ошто каруселден кулагандардын үчөө жаш балдар болгон

Кырсыктан жабыркагандардын бирөө оор абалда экенин Ош шаардык оорукананын директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары Кылычбек Мамашарипов аймактык кабарчыга билдирди.

Белгилүү болгондой, ооруканага жалпы 11 адам кайрылган. Бешөөнө амблатордук жардам көрсөтүлгөн соң үйлөрүнө жиберилген.

"Ал эми бирөөнүн баш мээси жабыркап оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Калган экөөнүн абалы канааттандырарлык. Алар омурткасынан жана баш мээсинен жаракат алган. Арасында үч жаш бала болгондуктан облустук балдар ооруканасына жиберилди. Калган сегиз адамдын бешөө амблатордук жардам алып үйлөрүнө кетишкен", — деди дарыгер.

Эсерте кетсек, 14-майда кечки саат 17.30да Ош шаарынын "Алишер Навои" эс алуу багында карусель кулап 11 адам жабыркап ооруканага жеткирилген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0