Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Арыкбаева: Ноокенде ууланган окуучулардын абалы туруктуу

© Фото / Замира ЖумалиеваРуководитель отдела по санитарному контролю в больнице села Тоскоол Бубужан Арыкбаева
Руководитель отдела по санитарному контролю в больнице села Тоскоол Бубужан Арыкбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ, 12-май күнү Ноокен районунда 25 окуучу ууланып ооруканага түшкөн.
Арыкбаева: Ноокенде ууланган окуучулардын абалы туруктуу

Ош облусуна караштуу Ноокен районунун Тоскоол айылында ууланып ооруканага түшкөн 25 окуучунун абалы туруктуу. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Инфекциялык эмес ооруларды алдын алуу жана санитардык көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси Бүбүжан Арыкбаева билдирди.

Ууланган балдар айылдагы №5 орто мектептин окуучулары болгон.

"Азырынча балдар эмнеден ууланганы аныктала элек. Анализ жасап көрсөк тамак-аштан ууланганга окшобой жатат. Алар сууну бир кудукка толтуруп алып ичишет экен. Ууланунун себептери ошол суудан чыгышы мүмкүн деген божомолдор бар. Бул боюнча Ош облустук санэпидемстанциянын лабораториясы иликтеп жатат ", — деди Арыкбаева.

Учурда окуя иликтенип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0