Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асангулова: кытай кездемесинен тигилген калпактын дүң баасы 60 гана сом турат

© Фото / Тимур Райымкулов"Миң кыял" коомдук фондусунун жетекчиси Айдай Асангулованын архивдик сүрөтү
Миң кыял коомдук фондусунун жетекчиси Айдай Асангулованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл арасында "Кытай калпак" деген ат менен белгилүү сапатсыз баш кийимдер Кытайдан алынып келген синтетикалык кездемеден тигилет.
Асангулова: кытай кездемесинен тигилген калпактын дүң баасы 60 гана сом турат

Кытай кездемесинен тигилген калпактардын дүң баасы болгону 50-60 сом экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине "Миң кыял" коомдук фондусунун жетекчиси Айдай Асангулова билдирди.

"Синтетикалык калпактардын арзандыгы элди тартат. Базарда бирөөнү 150 сомдун тегерегинде сатып алса болот. Анын кездемеси Кытайдан алып келинип, "Мадина" базарында сатылат. Ал эми карапайым элге кыргыздын кийизинен тигилген деп сатып жиберишет", — деди Асангулова.

Анын пикиринде мындай кездемелерди Кыргызстанга алып келүүгө тыюу салынса, кыргыз калпагынын кадыры жогорулай түшмөк.

Жаңылыктар түрмөгү
0