Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Аматов: санарипте жеке каналдар бекер бойдон калат

© Sputnik / Таалайбек ОроскуловМаалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматовдун архивдик сүрөтү
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматов жеке каналдардын саны көбөйүп жатканын белгиледи.
Аматов: санарипте жеке каналдар бекер бойдон калат

Санариптик берүүдө жеке каналдар бекер бойдон калат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматов билдирди.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 15-майынан тарта Кыргызстанда аналогдук берүүлөр өчүрүлөт. Жарандар эми санариптик берүүгө өтүшү керек.

"Социалдык пакетте учурда 13 канал бар. Андан сырткары, жеке каналдар өз көрсөтүүлөрүн сунуштап келет. Социалдык пакеттер сыяктуу эле жеке каналдар дагы акысыз болот. Алардын саны күн санап көбөйүүдө", — деди Аматов.

Ал учурда Бишкек шаарында 54 канал санарип аркылуу көрсөтүлүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0