Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шыкмаматов: президенттик шайлоо 15-октябрда өтө турган өңдөнүп калды

Жазылуу
"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов маселе чечилип калганын белгиледи.
Шыкмаматов: президенттик шайлоо 15-октябрда өтө турган өңдөнүп калды

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтө турган өңдөнүп калды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Эске сала кетсек, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүүнү сунуштап, демилге Жогорку Кеңештин тармактык комитетине жиберилген.

"Президентти тандоо — шайлоолордун пири. Андыктан аны 19-ноябрда өткөрсөк дүйнө элине уят болмокпуз. Учурда 15-октябрда өткөрүү сунушталууда. БШК 45 күндүн ичинде баарына жетишебиз деп жатат. Андыктан ушул датада президенттик шайлоо өткөнү калды окшойт", — деди Шыкмаматов.

Эл өкүлү маселе чечилип калгандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0