Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Каримов: Өзгөндө жер дагы деле жылып жатат

© Фото / Зульфия ТургуноваӨКМдин Ош облустук башкармалыгынын башчысы Дайыр Каримов
ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынын башчысы Дайыр Каримов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөндө жер көчкү коркунучу жаралып, бошотулган турак үйлөр менен социалдык объектилерди жылып келген жер акырындык менен баса баштады.
Каримов: Өзгөндө жер дагы деле жылып жатат

Адистер Өзгөндүн жер көчкү жүргөн Жалпак-Таш, Курбу-Таш жана Маркс айылдарынын аймагында көзөмөл жүргүзүп жаткандыгын Sputnik Кыргызстан агенттигине ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынын башчысы Дайыр Каримов билдирди.

"Аталган аймакка барып, 24 үйдү көчүрүп чыгаруу боюнча корутунду бергенбиз. Андан соң адистер топурактын курамын аныктап, дагы 62 турак үй коркунучта турганы билинди. Ал эми социалдык объектилерден төртөө бошотулган. Анын ичинен учурда мечит менен ФАПты жер көчкү басып калды. Жер дагы деле жылып жатат. Эгерде кооптуулук жаралса, калган үйлөрдү дагы тургундардан бошотууга мажбур болобуз", — деди Каримов.

Анын айтымында, көчкүнүн жалпы көлөмү 5 миллион 200 куб метрди түздү.

Жаңылыктар түрмөгү
0