Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шаршеев: Кыргызстанга кайра иштетүүчү ишканалар абдан зарыл

© Фото / Айжамал КондучаловаЧет элдик инвесторлор ассоциациясынын аткаруучу директору Искендер Шаршеевдин архивдик сүрөтү
Чет элдик инвесторлор ассоциациясынын аткаруучу директору Искендер Шаршеевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда өндүрүлгөн айрым товарлар сыртка чыгар замат башка өлкөлөрдүн аты менен сатылып жаткан мисалдар бар. Буга Кыргызстанда кайра иштетүүчү ишканалардын жоктугу себеп.
Шаршеев: Кыргызстанга кайра иштетүүчү ишканалар абдан зарыл

Өлкөдө кайра иштетүүчү 70-80 гана ишкана бар экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине Чет элдик инвесторлор ассоциациясынын аткаруучу директору Искендер Шаршеев билдирди.

"Биз иликтеп чыксак, кайра өндүрүү менен алектенген 80ге жакын ишкананын бир бөлүгү көп жылдан бери иштебей жатканын көрдүк. Ошол себептүү ишкерлер, дыйкандар өздөрү өндүргөн товарларды чет элдиктерге арзан баада сатып ийүүгө аргасыз болуп жатат", — деди Шаршеев.

Анын айтымында, мындан улам Кыргызстанда кайра иштетүүчү заводдорду жандандыруу, куруу зарылдыгы орчундуу маселелердин бири бойдон калып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0