Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Турсунбеков: аткезчиликти колдогон мафия бар экени көрүнүп турат

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун архивдик сүрөтү
Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков өкмөт аткезчиликти токтотууга кам көрбөй жатканын баса белгиледи.
Турсунбеков: аткезчиликти колдогон мафия бар экени көрүнүп турат

Өлкөгө алтын, күмүштү мыйзамсыз алып келгендерди токтотууга атайын мафия кызыкдар эмес. Бул тууралуу Чыныбай Турсунбеков зергерчилик өндүрүшүн мамлекеттик контролдоо жана жөнгө салууну максат кылган мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда билдирди.

Анын айтымында, аталган мыйзам долбоор элди алаксытуу үчүн гана жазылган.

"Мындан 10-15-жыл мурун эле Ювелирлер ассоциациясы алтын, күмүштөрдү өзүбүздүн өндүрүлгөн материалдардан жасоого даярбыз, ал үчүн шарт түзүп, мыйзам жазыш керек деп чыгышкан. Ошондо өкмөт иштеп жатабыз дешти эле, дагы эле ошол жооп",— деди спикер.

Ал аткезчиликтин кызыкчылыгын колдогон мафия маселени чечүүгө кызыкдар эмес экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0