Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамытова: жер көчкүдөн жабыркагандардын документтерин тактап жатабыз

© Sputnik / Табылды КадырбековЭмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытованын архивдик сүрөтү
Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Документтер такталган соң сөөк коюуга, ата-энесинен ажыраган балдарга жөлөк пул чегерүүгө социалдык төлөмдөр каралат.
Мамытова: жер көчкүдөн жабыркагандардын документтерин тактап жатабыз

Аюу айылындагы жер көчкүдөн жабыркаган жарандардын документтерин калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова билдирди.

Мамытова бүгүн кырсык болгон Аюу айылына барып эл менен жолугуп жүрөт.

"Үйлөрүн жер көчкү басып чатырда жашап жаткандар эң биринчи документтерди калыбына келтирип берүүнү суранышты. Мындан улам азыр башка ведомстволор менен биргеликте мүмкүн болушунча эртерээк документтерин жөнгө салууга аракет кылып жатабыз. Баары такталган соң сөөк коюуга, ата-энесинен ажыраган балдарга жөлөк пул чегерүүгө социалдык төлөм каралат", — деди Мамытова.

Сход оползня в селе Аюу в Узгенского района - Sputnik Кыргызстан
Өзгөн: жер көчкүдөн жабыркагандардын балдары өкмөттүн эсебинен эс алат
Ошондой эле ал жер көчкү жүрүп 30 үйдү басып калган Жалпак-Таш айыл аймагындагы эл менен жолукканын жана эртең жер титирөө катталган Чоң-Алай районуна барарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 29-апрелде эртең менен саат 6:40тар чамасында Өзгөн районун Зергер айыл аймагындагы Аюу айылында көлөмү 200 миң метр куб жер көчкү жүрүп, алты үй-бүлөдөн 24 кишини басып калган. Ал эми Жалпак-Таш айыл аймагында сүрүлүп жаткан жер көчкү 5-майга карата алынган маалымат боюнча 30 үйдү басып калган

Ошондой эле Чоң-Алай районунда улам кайталанган жер титирөөнүн айынан 66 имарат жараксыз абалга келип, 215 турак үйдөн жарака кеткен. Үйлөрү жабыркаган 717 адамга 100 чатыр тигилип көчүрүлгөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0