Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Тоялиева: көргөзмө өткөрүү машакаттуу иш

© Sputnik / Табылды КадырбековБириккен Улуттар Уюмуна караштуу МАГАТЭ уюмунда иштеген Гүлнур Тоялиева маек учурунда
Бириккен Улуттар Уюмуна караштуу МАГАТЭ уюмунда иштеген Гүлнур Тоялиева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гүлнур Тоялиева Бириккен Улуттар Уюмуна караштуу МАГАТЭ уюмунда иштеп, ошол эле маалда Кыргызстандагы мода үйүн жетектейт.
Тоялиева: көргөзмө өткөрүү машакаттуу иш

Көргөзмөнүн өзү эле чоң долбоор экенин 18 жылдан бери чет мамлекетте иштеп жашап келген Гүлнур Тоялиева Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде айтып берди.

Анын айтымында, мода көргөзмөсүнө кеминде бир ай даярдануу керек.

"Чет өлкөдө жашап немис болуп калыптырмын. Стилистке да ишенбей баарын жеке көзөмөлдөгөндү жактырам. Фотограф менен да бир сыйра кармашам. Столдун үстүнө коюлган стакандан тарта, иштин майда-чүйдөсүнө чейин кийлигишем. Кээ бир моделдер катыштырбайсың деп таарынат. Мода көргөзмө меники болуп жаткандан кийин мен каалагандай болушу керек деп ойлойм", — деди Тоялиева.

Гүлнур Тоялиева менен кенен маекти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0