Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эргешов: айыл өкмөт кооптуу жерден көчпөй жаткандардын үйүн түрттүрүүнү сунуштады

© Фото / предоставлено Алмазом Эргешовым"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Алмазбек Эргешовдун архивдик сүрөтү
Кыргызстан фракциясынын депутаты Алмазбек Эргешовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Алмазбек Эргешов ушул ыкманы колдонмоюн эл көчпөй жатканын баса белгиледи.
Эргешов: айыл өкмөт кооптуу жерден көчпөй жаткандардын үйүн түрттүрүүнү сунуштады

Кооптуу жерден көчпөй жаткандардын үйүн түрттүрүү керек. Бул тууралуу "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Алмазбек Эргешов парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Белгилей кетсек, учурда ЖК өкмөттүн табият кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча отчетун угуп жатат.

"Аксы районунда дагы жер көчкү жүрүү коркунучу бар жерлер арбын. Аларга 10 жыл мурун эскертүү берилип, жер тилкеси, ссудасы таратылган. Бирок айрымдар гана жаңы тилкеге там салса, калгандар кооптуу жерлерде эле жашап жатышат. Анан айыл өкмөттөн маселени чечүү жолун сурасам, эски үйлөрүн түрттүрүп салуу керектигин айтышты", — деди депутат.

Эл өкүлү ушул ыкманы колдонмоюн эл көчпөй жатканын айтып, кырсык болсо өкмөт күнөөлүү болуп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0