Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Разаков: жыл башынан бери 34 адам көчкү алдында калган

Жазылуу
Вице-премьер Жеңиш Разаков төрт ай ичинде 134 ирет жер көчкөнүн белгиледи.
Разаков: жыл башынан бери 34 адам көчкү алдында калган

Жыл башынан бери 34 адам көчкү алдында калган. Бул тууралуу вице-премьер Жеңиш Разаков адам өмүрүнө забын болгон табигый кырсыктар тууралуу депутаттарга маалымат берип жатып билдирди.

Эскерте кетсек, 29-апрель күнү саат 6:40тарда Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айыл аймагынын Аюу айылында жер көчүп, 11 турак-жайды 24 адамы менен кошо басып калган

"Республика боюнча 2017-жылдын башынан бери 2225 табигый кырсыктар катталган. Ушул өзгөчө кырдаалдан куткаруучулар 152 адамды сактоого үлгүргөн. Материалдык чыгым 266 миллион сомду түздү. 1990-жылдан 2016-жылга чейин 518 жер көчкү жүрсө, быйыл төрт айдын ичинде эле 134 жер көчкү катталды", — деди Разаков.

Ал төрт ай ичинде жер көчкүдөн 34 адам каза болгонун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0