Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Дүйшеев: браконьерлерге салынчу айып пулду көбөйтүү сунушун колдойбуз

© Фото / пресс-служба антибраконьерской "Группы Барс" NABUКомандир антибраконьерской "Группы Барс" NABU Курманбек Дуйшеев
Командир антибраконьерской Группы Барс NABU Курманбек Дуйшеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Демилге ишке ашып кетсе, уларды аткандар беш миң сомдон айып төлөй баштайт.
Эргешов: айыл өкмөт кооптуу жерден көчпөй жаткандардын үйүн түрттүрүүнү сунуштады

Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу колдонуу департаменти браконьерлерге салынган айып пулдун көлөмүн көбөйтүү сунушун берди. Мындай демилгени Nabu эл аралык уюмунун браконьерликке каршы "Барс" тобунун командири Курманбек Дүйшеев толугу менен колдой турганын белгиледи.

Анын айтымында, мындай сунушту өкмөт дагы колдоп жатат. Эми кезек Жогорку Кеңеште.

"Браконьерлерге салына турган айып пулдун көлөмүн көбөйтүү демилгесин Nabu уюму толугу менен колдойт. Эгер ишке ашып кетсе, уларды аткандар беш миң сомдон айып төлөй баштайт. Мындайча айтканда, бул бир койдун баасы. Азыркы мыйзамдарга ылайык айып пул эки эле миң сомду түзөт. Ал эми илбирске 500 миң сом айып салынса, жаңы демилге боюнча 1,5 миллион сомго көтөрүүнү сунушталып жатат", — деди Дүйшеев.

Ал ошондой эле айып пулду көтөрүү менен браконьерликти толугу менен тыюуга мүмкүн болбосо дагы, азайтууга жол ачыларын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0