Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Темирбекова: санариптик пакетке россиялык эки канал кошулат

© Sputnik / Досхан НусупбековМаданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова маек учурунда
Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова россиялык каналдарды кошууда бюджеттен акча кетпей тургандыгын белгиледи.
Темирбекова: санариптик пакетке россиялык эки канал кошулат

Санариптик пакетке россиялык эки канал кошулат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова билдирди.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 15-майынан тарта Кыргызстанда аналогдук берүүлөр өчүрүлүп, жарандар эми санариптик берүүгө өтүшү керек.

"Учурда социалдык пакетте 13 канал бар. Негизи 15 каналдан түзүлөт. Азырынча эки орунду россиялык телеканалдар үчүн кармап жатабыз. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мыйзам долбоору кабыл алынды. Ага ылайык, үч ай мөөнөттө эки россиялык каналды киргизүү боюнча оюбуз бар", — деди Темирбекова.

Ал россиялык каналдарды көрсөтүү үчүн бюджеттен акча кетпей тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0