Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жумабаева: Россиянын ИИМ академиясына окууга өтүш үчүн 20 күн экзамен тапшырдык

© Фото / Мария КрузманРоссиянын Омск шаарында ИИМ академиясынын курсанты Жылдыз Жумабаева. Архив
Россиянын Омск шаарында ИИМ академиясынын курсанты Жылдыз Жумабаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келечекте милиция кызматкери болууну каалаган Жылдыз Жумабаеванын кыргыз жарандыгы жок богондугу үчүн Кыргызстанда билим алууга мүмкүн болбой, Россияга кеткен.
Жумабаева: Россиянын ИИМ академиясына окууга өтүш үчүн 20 күн экзамен тапшырдык

Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин академиясына тапшыруу үчүн абитуриенттер бир нече жолу медициналык кароодон өтөөрүн Sputnik Кыргызстан агенттигине курсант Жылдыз Жумабаева билдирди.

"Тартип сакчысы болом деп 9-класста окуп жүргөндө чечкем. Кыргызстандын ИИМ академиясына телефон чалып сурасам, ал жакта окуй албай турганымды айтышты. Анткени, чет элдик жарандарды кабыл алуу жагы каралбаптыр. А мен 12 жашымда Россия жарандыгын алган болчумун. Омск шаарындагы ИИМ академиясына тапшырууга көп эмгек кетти. Бир нече жолу медициналык кароодон өттүк. Окууга өтүү үчүн экзамендерин 20 күн бою тапшырдык", — деди Жумабаева.

Өзүнүн айтымында, учурда кызмат өтөй баштады. Коомдук тартипти сактап, кайгуул кызматына жардам берет. Суткалык нөөмөткө чыгат.

Жылдыз Жумабаева тууралуу кененирээк Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинен окуй аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0