Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бегайым Канат кызы: "Манас" аба бекетине кеткен жолдо жарака пайда болгон

© Фото / Кудаяр ЭсембаевПредставитель пресс-службы Минтранса Бегайым Канат кызы
Представитель пресс-службы Минтранса Бегайым Канат кызы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек — "Манас" аэропорту жолун куруу иштери 2016-жылы аяктаган. Ошол эле жыл ичинде жолдун курулушуна өкмөт тарабынан сын айтылып, транспорт жана жолдор министрине сөгүш жарыяланган. Ушул эле жолдо быйыл дагы жарака кетип, учурда оңдоо иштери жүрүп жатат.
Бегайым Канат кызы: "Манас" аба бекетине кеткен жолдо жарака пайда болгон

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Бегайым Канат кызы Sputnik Кыргызстан агенттигине учурда жолду оңдоо иштери жүрүп жатканын маалымдады.

"Бишкек — "Манас" аэропортуна кеткен жолдун 27-чакырымында жарака кеткен. Буга мурдагы кыртыштын үстүнө асфальт төшөлүп калганы себеп. Жолго бир жылдык кепилдик берилгенине байланыштуу оңдоо иштерине кеткен чыгымды башкы подрядчик "Технотоп" компаниясы көтөрөт", — деп билдирди Канат кызы.

Белгилей кетсек, Бишкек — "Манас" аэропорту жолун куруу иштери 2015-жылдын 19-сентябрында башталып, 2016-жылдын 13-октябрында аяктаган. Ал эми 2016-жылдын 1-декабрында толук түрдө эксплуатацияга берилген.

Жолдун учурда жасалып жаткан ремонту тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0