Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Темирбек Бекбоев: бутума туруп басып кетсем, апама жардам берем

© Фото / Таалайгул УсенбаеваДүйнөдө алгачкы жолу бутун 31 сантиметрге узарттырган Темирбек Бекбоев
Дүйнөдө алгачкы жолу бутун 31 сантиметрге узарттырган Темирбек Бекбоев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жетекчиси, ортопед Сабырбек Жумабеков үч жыл аралыгында 21 жаштагы Темирбек Бекбоевдин бутуна алты жолу операция жасап, жигиттин оң бутун сол бутуна теңеген.
Темирбек Бекбоев: бутума туруп басып кетсем, апама жардам берем

Дүйнөдө алгачкы жолу бутун 31 сантиметрге узарттырган Темирбек Бекбоев Гиннес китебине кире турган болду. Ал учурда 21 жашта.

"Чоңойгон сайын сол бутум өсүп, оң бутум кыскара баштаганда, "бир бутум менен кантип иштеп жан багам" деп кабатырлана баштагам. Айына эки жолудан операция жасатып жаным кейигенде мурункудай эле жүрө бербей деп жүрдүм. Бирок азыр баары артта калды. Эки бутум теңелип, кыйналгандарымды унутуп калдым", — деди Темирбек.

Дарыгерлердин айтымында, алты айдан соң Темирбек балдагын таштап эки бутуна тең туруп басып калат.

Эске салсак, Сабырбек Жумабеков Кувейтте өткөн IX эл аралык ойлоп табуучулардын сынагында (International Ivention Fair in Middle East) беш эмгегин көрсөтүп, экинчи орунду багындырган. Ошол жердеги калыстар тобунун кеңеши менен Жумабеков эмгегин Гиннес китебине сунуштап, китептин комиссиясынан оң жооп келген.

Темирбек Бекбоев жана дарыгер Сабырбек Жумабековдун уникалдуу эмгеги тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0