Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мусурканов: аркар менен тоо текелердин терилери мүшөккө салып катылган

© Фото / пресс-служба ГТС КРМамлекеттик бажы кызматынын маалымат катчысы Жаманак Мусуркановдун архивдик сүрөтү
Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат катчысы Жаманак Мусуркановдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тинтүү учурунда жети аркардын териси менен 14 даана мүйүзү, төрт тоо текенин териси менен сегиз мүйүзү табылган.
Мусурканов: аркар менен тоо текелердин терилери мүшөккө салып катылган

Аткезчилик жолу менен алынып келе жаткан тери менен мүйүздөр Ош бажысынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабанын кармалганын Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат катчысы Жаманак Мусурканов билдирди.

Кыргызстандын Кызыл китебине кирген жаныбарлардын териси менен мүйүзү Тажикстандан Кыргызстанга келе жаткан машинадан табылган.

"Сары-Таштагы "Бордөбө" бажы постунан Тажикстандан Кыргызстанды карай келе жаткан УАЗ машина токтотулган. Унаадан мүшөктөргө салынып катылган аркар менен тоо текелердин териси менен мүйүзү табылды. Аларды коштоп жүрүүчү эч кандай документи болгон эмес", — деди Мусурканов.

Учурда бажы кызматы тергөө амалдарын жүргүзүп, анын жыйынтыгы менен материалдарды Ош прокуратурасына берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0