Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Калилов: Бишкек — Кара-Балта жолун оңдоо башталды

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиевтранспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун архивдик сүрөтү
транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрдин сөзүн өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков колдоого алды.
Калилов: Бишкек — Кара-Балта жолун оңдоо башталды

Бишкек — Кара-Балта жолун оңдоо башталды. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов өкмөттүн парламентте отчет берип жаткан учурунда билдирди.

Эске сала кетсек, буга чейин айрым депутаттар Бишкек — Кара-Балта жолу долбоор боюнча жасалбай, ремонт болчу жер кыскарып кеткенин айтышкан.

"Жолдорду оңдоого Азия банкы каражат бөлгөн. Бирок толук эсептей келгенде каражат көп болуп кетип, банк аны кыскарткан. Чыгымдарды үнөмдөө менен жол толук бүткөрүлөт. Учурда жолду оңдоо иштери башталды", — деди Калилов.

Министрдин сөзүн өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков колдоого алып, маселени жеке өзү көзөмөлгө алганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0