Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Нуркыз Рыскул кызы: "Театр жазы-2017" фестивалына түрк тилдүү мамлекеттер катышты

© Фото / Бакыт МейманбековЗаведующая литературной частью театра им. Т. Абдумомунова Нуркыз Рыскул кызы
Заведующая литературной частью театра им. Т. Абдумомунова Нуркыз Рыскул кызы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестивалга катышкан кыргыз драма театры 2-орунду алып келди.
Нуркыз Рыскул кызы: "Театр жазы-2017" фестивалына түрк тилдүү мамлекеттер катышты

Казакстандын Чымкент жана Түркстан шаарларында өткөн "Театр жазы-2017" фестивалына түрк тилдүү мамелкеттердин театрлары катышты. Бул тууралуу Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын адабий бөлүмүнүн башчысы Нуркыз Рыскул кызы билдирди.

Анын айтымында, иш-чара 17-22-апрель күндөрү өткөн.

"Фестиваль Жумат Шаниндин 125 жылдыгына арналган. Кыргыз артисттери сынакка драматург Кайрат Иманалиевдин калемине таандык "Коркут ата" спектакли менен барды. Бизге чакыруу келген. Бир топ мамлекеттин ичинен кыргыз драма театры 2-орунду ээледи", — деди ал.

Жумат Шанин — белгилүү режиссер, драматург, профессионал казак театр искусствосунун негиздөөчүлөрүнүн бири.

Жаңылыктар түрмөгү
0