Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Дөргөев: суудан качып шахтанын оозуна чуркасак, ал жак эчак бүтөлүп калыптыр

© Фото / Кайрат ДоргоевПрорыв грунтовых вод в шахте в селе Жыргалан
Прорыв грунтовых вод в шахте в селе Жыргалан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң айылында ураган шахтанын алдында калган адамдар эки күн бою сууктан сактануу үчүн жер алдына аба киргизчү түтүктүн таарларын оронуп отурушкан.
Дөргөев: суудан качып шахтанын оозуна чуркасак, ал жак эчак бүтөлүп калыптыр

500 метр тереңдикте иштеп жаткан шахтерлордун турган жерине суу сыртка чыга турган кошумча оозунан кирген. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине куткарылган шахтерлордун бири Кайрат Дөргөев билдирди.

"Иштеп жатканбыз, бир маалда биз турган жерге бат эле көкүрөгүбүзгө жеткен суу толуп калды. Ал жактан чыгып, негизги эшикке барсак, эчак суу агып, жер көчүп түшүптүр. Экөөбүз эптеп коопсуз жай таап, ошол жерде отурдук. Үшүгөндө жер алдына аба киргизчү түтүктөгү таарларды чыгарып оронуп калдык", — деди Дөргөев.

Анын айтымында, учурда кесиптеши экөө тең суук тийип калгандыктан, дарылануу үчүн ооруканага жаткырылышты.

Жер алдынан чыгарылган шахтер менен кенен маекти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0