Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Карабаева: милиция өз кызматкеринин өлүмүн адилеттүү иликтебей жатат

© Фото / Зульфия ТургуноваЖактоочу Айсалкын Карабаева. Архив
Жактоочу Айсалкын Карабаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жактоочу милиция кызматкерлери шектүүлөрдү кыйноого алып жатканын билдирди.
Карабаева: милиция өз кызматкеринин өлүмүн адилеттүү иликтебей жатат

Милициянын подполковнигинин өлүмүнө шектелгендер тергөөгө ишенбестик көрсөттү. Бул тууралуу шектүүлөрдүн жактоочусу Айсалкын Карабаева аймактык кабарчыга билдирди

Аынын айтымында, алар ишти УКМКга өткөрүү боюнча Башкы прокуратурага кайрылышты.

Эске сала кетсек, 23-март күнү Ош шаарында Учар айылынын Набережная көчөсүндө өзүнө таандык унаадан милициянын подполковниги Таирбек Уларовдун сөөгү табылган

"Шектүү катары кармалган менин жактоомдогу Наргиза Ражапова анын иниси Мурат Ражапов жана күйөөсү Дамир Шабыралиев милиция кызматкерлери тарабынан кыйноого алынган. Анын кесепетинен Наргиза Ражапованын 1,5 айлык эгиз балдары боюнан түшүп калган. Ага далил катары бардык тиешелүү медициналык документтер бар. Милиция кызматкерлеринин үстүнөн доо арызы менен Ош шаардык прокуратурасына кайрылдык", — деди Карабаева.

Жактоочу шектүүлөрдүн күнөөсү жок экенин айтып, иш адилет тергелбей жатат деген жүйөө менен Башкы прокуратурага кайрылышканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0