07:23 30 Чын Куран 2017
Түз эфир
КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешевдин архивдик сүрөтү
© Фото / пресс-служба ЖК КР

Бекешев: депутаттардын кесиптештери үчүн добуш берүүсүн тыюу керек

Радио
Кыскача шилтеме алуу
5611

КСДП фракциясынын депутатынын айтымында, аталган норманы камтыган мыйзам долбоору ЖКнын кароосунда.

Депутаттардын кесиптештери үчүн добуш берүүсүн тыюу керек. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев билдирди.

Анын айтымында, маселени чечүү учур талабы болуп турат.

"Биз депутаттардын кесиптештери үчүн добуш берген көрүнүшүн жоюшубуз керек. Мындан сырткары, добуш берүү бюллетень аркылуу болуп жатканда видеого тартууга тыюу салуу зарыл. Аталган нормаларды камтыган мыйзам долбоорун кабыл алышыбыз керек", — деди депутат.

Эл өкүлү аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосунда экендигин кошумчалады.

Белгилер:
добуш, депутат, Дастан Бекешев

ЭҢ МААНИЛҮҮ