07:25 30 Чын Куран 2017
Түз эфир
Ленин районун акими Нурдин Тынаев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Тынаев: "Дыйкандын" жаңы жерге көчкөн соодагерлери үч ай ижарадан бошотулат

Радио
Кыскача шилтеме алуу
"Дыйкан" базарынын айланасындагы чыр (9)
6411

Ленин районун акиминин айтымында, "Дыйкан" базары 21-апрелден тарта убактылуу жабылат.

"Дыйкан" базарынын соодагерлери жаңы орундарында үч айга чейин ижара акысынан бошотулат. Бул тууралуу Ленин районун акими Нурдин Тынаев билдирди.

Эске сала кетсек, өткөн жылдын октябрь айында Мамэкотехинспекциясы базар өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербей турганын жана антисанитардык абалда экенин аныктаган. Анын арты менен базарды көчүрүү чечими кабыл алыган.

"Дыйкан" базарындагы мыйзам бузуулар аныкталган соң, андагы соодагерлерди көчүрүү маселеси каралды. Бүгүнкү күндө "Дордой моторс" менен "Сары-Өзөн" базарлары аларды тосуп алууга даяр. Мында соодагерлерге жеңилдиктер каралып, үч айга чейин ижарадан бошотулат", — деди аким.

Тынаев "Дордой моторс" менен "Сары-Өзөн" базарларында соодагерлер үчүн аардык шарттар түзүлгөндүгүн айтып, аянты да чоң экенин кошумчалады.

Тема:
"Дыйкан" базарынын айланасындагы чыр (9)

Тема боюнча

"Дыйкан" базарынын соодагерлери Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгышты
Албек Ибраимов: "Дыйкан" базары иштеп жатат
Белгилер:
ижара, базар, "Дыйкан-Пишпек" базары

ЭҢ МААНИЛҮҮ