Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Керезбеков: жаштардын концепциясын иштеп чыгуу керек

© Фото / пресс-служба "КГЮА"КСДП фракциясынын депутаты Канат Керезбековдун архивдик сүрөтү
КСДП фракциясынын депутаты Канат Керезбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Канат Керезбековдун айтымында жаштарды колдогон программа ишке ашса, ата-энелерге, билим берүү системасына жардам болмок.
Керезбеков: жаштардын концепциясын иштеп чыгуу керек

Жаштардын концепциясын иштеп чыгуу керек. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Канат Керезбеков парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди.

Анын айтымында, учурда өсүп келе жаткан муун виртуалдык дүйнө менен жашап калды.

"Маселени чечүүгө үчүн баарыбыз жардам беришибиз керек. Бүгүнкү күндө жаштарды колдоо боюнча концепция иштелип жатат. Ошого баарыбыз көмөктөшүп, жол картасын түзсөк. Жаштардын багытын спортко, ар кыл тармактагы кыймылдарга, ыктыярчылыкка бурсак", — деди Керезбеков.

Эл өкүлү маселени мамлекеттин деңгээлинде көтөрүү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0