08:29 23 Тогуздун айы 2017
Түз эфир
Саяпкер Алмаз Колдошев. Архив
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Колдошев: баккан кулундарымды 10 миң доллардан сатып алууга кезек күтүшөт

Радио
Кыскача шилтеме алуу
13010

Саяпкер Алмаз Колдошев 1990-жылдан бери жылкы багуу менен алектенип, аны негизги кесибине айланткан.

Ал англис тукумундагы "Барон" аттуу аргымакты 2012-жылы жаңы асыйында (төрт жаш) Россиянын Омск шаарынан беш миң долларга сатып алган. Аргымак учурда улак тартышта чабылган күлүктөрдүн арасында эң чоң жана баасы жагынан да эң кымбат болуп саналат.

"Бул атты командалык эмес, ар улакчы өзү үчүн ойногон ири улак тартыштарга минип барам. Буга чейин эки автоунаа, үч төө, тай жана башка байгелерди уткам. Негизги максат байге утуу эмес, "Барондон" тукум алып көбөйтүү. Бул атка ээ болорум менен 14 бээ сатып алып үйүргө койгом. Азыр кулундарынын эле баасы он миң доллардан жогору экенине карабай кезек күткөндөр арбын", — деди Колдошев.

Жаз менен беш асый болгон "Барондун" салмагы учурда 920 килограмм болсо, бою 187 сантиметрге жетет.

Кыргызстандын эң чоң аргымагы тууралуу видеосюжетти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан көрүңүз>>

Тема боюнча

Кыргызстандын эң чоң аргымагы. Миллион долларга берилбеген бир тонналык "Барон"
Белгилер:
Барон, кулун, салмак, жылкы

ЭҢ МААНИЛҮҮ