Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Байымбетова: вагондо жашаган келиндин күйөөсү табылбай жатат

© Фото / пресс-служба МИД КРКыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматынын өкүлү Гүлбарчын Байымбетованын архивдик сүрөтү
Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматынын өкүлү Гүлбарчын Байымбетованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз жарандыгын сурап жаткан Гүлшода Мажидова дайынын билдирбей кеткен жолдошунун макулдугу жок Россиядан наристесин алып чыга албай жатат.
Байымбетова: вагондо жашаган келиндин күйөөсү табылбай жатат

КР президентинин Мажидовага кыргыз жарандыгын берүү сунушyн жактырган указы чыкканы менен тиешелүү процедураларды өтүү үчүн ал Өзбекстанга жана Кыргызстанга келүүгө туура келерин Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматынын өкүлү Гүлбарчын Байымбетова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Гүлшода кыргыз жарандыгын алуу үчүн өзбек жарандыгынан баш тартышы керек. Ал үчүн Россиядан чыгып Өзбекстанга жана Кыргызстанга барышы керек. Учурда баласы менен Москва шаарынын чыгып кетүү үчүн наристенин атасынын макулдугу керек болуп жатат. Ал эми атанын дайыны жок. Аны табууга кыргыз диаспорасы менен элчилик болгон аракетин кылууда", — деди Байымбетова.

Мажидованын өзүнүн айтымында, эне-бала учурда Москва шаарында кыргызстандык жубайлардын үйүндө убактылуу баш калкалоодо.

Жаңылыктар түрмөгү
0