Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шыкмаматов: коалициядан чыгууда ар бир фракция мүчөсүнүн макулдугу керек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун архивдик сүрөтү
Ата Мекен фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ата Мекен" фракциясынын депутатынын айтымында, демилге ишке ашса, жумушка үч күн себепсиз келбей койгон депутаттын маянасы 50 пайызга кыскарат.
Шыкмаматов: коалициядан чыгууда ар бир фракция мүчөсүнүн макулдугу керек

Коалициядан чыгууда ар бир фракция мүчөсүнүн макулдугун алуу сунушталууда. Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов ЖКнын регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбоорун баяндап жатып билдирди.

Аталган мыйзам долбоору кызуу талкуудан кийин добуш берүүгө жөнөтүлдү.

"Жогорку Кеңештин регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Ага ылайык, коалициянын курамынан чыгуу боюнча чечимге ар бир фракция мүчөсү кол коет жана ал артка чакырылбайт. Мыйзам долбоору биринчи окууда каралган соң, экинчи окууга 15 күн гана убакыт берилүүдө", — деди депутат.

Шыкмаматов мыйзам долбооруна ылайык, депутат үч күн жумушка себепсиз келбей койсо маянасынын 50 пайызы кыскара турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0