Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Примов: өкмөт стабилдүүлүктү сактап, айлыкты убагында берип турду

Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Улан Примов Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт жакшы иштегендигин белгиледи.
Примов: өкмөт стабилдүүлүктү сактап, айлыкты убагында берип турду

Өкмөт стабилдүүлүктү сактап, маяналарды убагында берип турду. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Улан Примов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Эске сала кетсек, көпчүлүк коалициясы Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөттүн отчетун жактырды.

"Кечээ күнү көпчүлүк коалициясы өкмөттүн отчетун канааттандырарлык деп таптык. Анткени экономика жаатында өнүгүү болуп, кошуналарга караганда бир топ ийгиликтерге жетти. Башкысы стабилдүүлүк болуп, мугалимдер менен дарыгерлердин маянасы өз убагында берилип турду. Башка бирөө келсе деле ушундай иштемек", — деди Примов.

Депутат өкмөттө жетишпегендиктер дагы болгондугун айтып, кемчиликтер эскертилгендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0