Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акималиев: өкмөттүн кошуналардан да ашып кеттик деп отчет бергени жакпай турат

© Фото / личный архив Жамина АкималиеваДепутат легендарного парламента, общественный деятель и ученый Жамин Акималиев
Депутат легендарного парламента, общественный деятель и ученый Жамин Акималиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Легендарлуу парламенттин депутаты, коомдук ишмер Жамин Акималиев өкмөттүн отчету реалдуулукка төп келбей тургандыгын кошумчалады.
Акималиев: өкмөттүн кошуналардан да ашып кеттик деп отчет бергени жакпай турат

Өкмөттүн кошуналардан да ашып кеттик дегени чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Легендарлуу парламенттин депутаты, коомдук ишмер Жамин Акималиев билдирди.

Эске сала кетсек, көпчүлүк коалициясы Сооронбай Жээнбековдун өкмөттүн ишмердүүлүгү боюнча отчетун канааттандыралык деп тапты.

"Өкмөт эч нерсени кылбай койду деп айтуу туура эмес. Көптөгөн аракеттерди жасап, лабораторияларды куруп жатат. Бирок ошол эл учурда баары мыкты деп отчет бергени жарабайт. Өкмөттө сөзсүз кемчиликтер болот. Аларды жашырбай эле айтуу керек. Кошуналардан дагы ашып кеттик дегени мага жакпай турат", — деди Акималиев.

Эксперт өкмөттүн реалдуу отчет бергени жакшы экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0