Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Азият Жекшеев: белгилүү саясатчынын баласы экенимди билгизгим келген эмес

© Sputnik / Жоомарт Ураимов"ТВ Кайгуул" берүүсүнүн алып баруучусу Азият Жекшеев маек учурунда
ТВ Кайгуул берүүсүнүн алып баруучусу Азият Жекшеев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азият Жекшеев белгилүү саясатчы Жыпар Жекшеевдин уулу экенин кызматына байланыштуу ачыкка чыгарган эмес.
Азият Жекшеев: белгилүү саясатчынын баласы экенимди билгизгим келген эмес

НТС телеканалында кылмыш, кырсык, мыйзам бузууларды чагылдырган "ТВ Кайгуул" берүүсүнүн алып баруучусу Азият Жекшеев көп убакытка чейин белгилүү саясатчынын баласы экендигин коомчулуктан жашырып жүргөн. Мунун себебин ал өз кесиби менен байланыштырат.

"Саясатчы Жыпар Жекшеевдин баласы экенимди эч кимге айтпай, жакшы эле жашырып жүргөм. Кызыгып сурагандардан "жөн гана фамилиябыз окшош" деп койчумун. Кийинчерээк эл билип калды окшойт. Биз берүүбүздү тартып жүргөн учурда ортого тааныш салып, өз иштерин бүтүрүп кетүүнү, аларды видеого тартпоону сурангандар бар. Айрым учурда биздин берүүгө атка минерлер дагы түшүп калат. Мындай учурда атамды тааныгандар болсо дароо ортого салышат. Биздин жумушта тааныш деген болбошу керек. Эгер мыйзамды бузса жооп бериши керек", — деди Жекшеев.

Ал ошондой эле атасы анын берүүсүн калтырбай көрүп, кеп-кеңештерин дайыма берип тураарын кошумчалап, анын биринчи сынчысы экенин баса белгиледи.

Азият Жекшеев менен болгон кененирээк маекти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0