Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кулукеева: Al Jazeera каналы көрсөтчү ролик Көчмөндөр оюнунда тартылган

© Sputnik / Таалайбек ОроскуловТышкы иштер министирлигинин өкүлү Айымкан Кулукееванын архивдик сүрөтү
Тышкы иштер министирлигинин өкүлү Айымкан Кулукееванын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Al Jazeera телеканалы Кыргызстан тууралуу берүүнү бир жума бою көрсөтмөкчү.
Кулукеева: Al Jazeera каналы көрсөтчү ролик Көчмөндөр оюнунда тартылган

Аталган телеканал берүүгө колдончу материалдарды 2016-жылдын күз айында Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунан тартып кеткендигин ТИМ өкүлү Айымкан Кулукеева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Телеканалдын араб жана англис редакциясы 2016-жылдын күз айында Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна келип, ал жактан Кыргызстан тууралуу бир нече сюжет тартып кеткен. Берүүнүн автору бизге маалымдаганына караганда, Кыргызстан жөнүндө берүү бир жума бою көрсөтүлөт", — деди Кулукеева.

"Аль-Жазира" — штаб-квартирасы Дохада (Катар) жайгашкан эл аралык телекомпания.

Жаңылыктар түрмөгү
0