Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кубан Чороев: мамлекеттик ипотека элдин муктаждыгын чечпейт

© Фото / Жаныл Раева Экономист Кубан Чороев. Архив
Экономист Кубан Чороев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экономист мамлекеттик ипотеканын шарттары жана чектөөлөрү карапайым элдин капчыгына туура келбейт деген пикирде.
Кубан Чороев: мамлекеттик ипотека элдин муктаждыгын чечпейт

"Жеткиликтүү турак жай 2015-2020" программасынын алкагында берилип жаткан ипотекалык кредиттер карапайым элдин муктаждыгын чечүүгө жарабайт деген пикирин Sputnik Кыргызстан агенттигине экономист Кубан Чороев билдирди.

"Шарт боюнча мамлекеттик ипотеканы ала турган үй-бүлөлөрдүн киршеси 30-35 миң сомдон жогору болушу керек экен. Менимче мындай кирешеси бар адам коммерциялык ипотекаларды деле ала алат", — деди Чороев.

Анын айтымында, бул программа бюджеттик кызматкерлерге деп аталганы менен колунда бар адамдарга ылайыкталып калган.

"Жеткиликтүү турак жай 2015-2020" программасынын алкагында берилип жаткан мамлекеттик ипотеканы кимдер кантип алып жатканы боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигинин макаласынан кеңири тааныша аласыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0