Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бекназарова: дарыгерлер ымыркайды өзүң эле багып ал дешти

© Фото / Жоомарт УраимовНТС телеканалында чыккан ТВ Кайгуул берүүсүнүн алып баруучусу Наргиза Бекназарова маек учурунда
НТС телеканалында чыккан ТВ Кайгуул берүүсүнүн алып баруучусу Наргиза Бекназарова маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ымыркай сегиз айлык болуп төрөлүп, бирок дарыгерлер анын абалы жакшы экенин айтышкан.
Бекназарова: дарыгерлер ымыркайды өзүң эле багып ал дешти

Диктор Наргиза Бекназарова жакында эле үй шартында көз жарган келиндин төрөтүнө жардам берип, ымыркайдын киндигин өзү кескен.

"Кыздарымды карайын деп сыртка чыга калсам, кошуна келин чуркап келип, кайын сиңдиси үйдөн көз жарып эмне кыларын билбей жатканын айтып, жардам сурады. Мен деле эмне кыларымды билбей барсам, кыз ажатканадан төрөп коюптур. Ымыркай убагына жетпей сегиз айында төрөлүптүр. Дароо эле Тез жардамга чалып, алардан кеңеш алып, ойлонбой туруп ымырайдын киндигин кестим. Бул учурда оюма эне-баланы аман сактап калуудан башка эч нерсе келген жок. Баланын киндигин кескенден кийин эле дарыгерлер келип, "эми өзүң эле багып ал" деп тамашалашты", — деди Бекназарова.

Наргиза алгачкы жолу киндик эне болгонун айтып, көз жарган келиндин туугандары анын колун майлап бергенин жана дарыгерлердин мактоосуна татыганын кошумчалады.

НТС телеканалында чыккан ТВ Кайгуул берүүсүнүн алып баруучусу Азият Жекшеевдин келинчеги. Жубайынын үй шартында төрөлгөн ымыркайдын киндигин кесип, эки өмүрдү сактап калган жакшы ишин жолдошу жашыра албай Facebook баракчасына жарыялап, аялы менен сыймыктанарын айткан.

Наргиза Бекназарова менен кенен маекти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0