Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жунус уулу Адыл: Жусуп Мамайдын ысымын Бишкектеги бир көчөгө ыйгаруу керек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Жунус уулу Адылдын архивдик сүрөтү
Республика — Ата-Журт фракциясынын депутаты Жунус уулу Адылдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Жунус уулу Адыл эмдиги жылы залкар манасчынын 100 жылдыгы белгиленерине токтолду.
Жунус уулу Адыл: Жусуп Мамайдын ысымын Бишкектеги бир көчөгө ыйгаруу керек

Жусуп Мамайдын ысымын Бишкектеги бир көчөгө ыйгаруу керек. Аталган демилгени "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Жунус уулу Адыл парламенттеги ар кандай маселелер каралып жаткан учурда билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, кийинки жылы улуу манасчынын 100 жылдыгы белгиленет.

"Кийинки жылы 20-21-кылымдын чыгаан манасчысы, дастанчы, биринчи даражадагы Манас орденинин ээси Жусуп Мамайдын 100 жылдыгы белгиленет. Ошого байланыштуу Бишкектин бир көчөсүнө ысымын ыйгаруу менен эстелигин тургузуу керек", — деди депутат.

Жунус уулу өкмөт жер караштырып берсе, эстелик тургузууга жардам бере тургандар бар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0