Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сабырбек Жумабеков: атымды саткан алдамчыларга ишенбей, аларды кармоого жардамдашкыла

© Sputnik / Нургуль МаксутоваАкадемик, ортопед Сабырбек Жумабековдун архивдик сүрөтү
Академик, ортопед Сабырбек Жумабековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы учурларда аттуу-баштуу дарыгерлердин атын жамынып дарыларды жарнама кылып, элге сунуштаган учурлар көп кездешүүдө.
Сабырбек Жумабеков: атымды саткан алдамчыларга ишенбей, аларды кармоого жардамдашкыла

Академик, ортопед Сабырбек Жумабеков социалдык тармактарда, интернетте медициналык ар кыл майларды, дарыларды анын атынан жарнама кылгандарды табуу үчүн Финансы полициясына арыз жазгандыгын билдирди. Бул туурасында Жумабеков Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

"Интернет аркылуу менин атымды жамынып, сүрөтүмдү коюп алып, ар кандай дары-дармектерди, крем, майларды реклама кылып жаткандарга эч кандай тиешем жок. Алар алдамчылар, шылуундар", — деди Жумабеков.

Сөөл менен денеге чыккан безеткиден дарылоочу каражат сунуштаган сайт - Sputnik Кыргызстан
Сөөл менен безеткиден "арылткан" дарыларды рекламалаган сайттар. Чындыгы барбы?
Академик бул шылуундуктун кайырмагына Кыргызстандан, Казакстандан жарандар илингендигин жана академиктин өзүнө телефон чалып сураган учурлар болгондугун айтты. Ал эми нарындык аксакал ал тургай бир топ акчага буюртма берип ийгенине токтолду.

Жумабеков жалпы коомчулукка кайрылып, алдамчыларды табууга жардам берүүнү сурады.

"Менин атымды кошо айтып дарыны сунуштаса же кайрылса, дароо Финансы полициясына билдириңиздер деп айтар элем", — деди Жумабеков.

Ал тартип коргоочулар бул сайт Россияда жасалгандыгын аныктаганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0