Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жыргалбек Калмаматов: айдоочулук күбөлүк алчулардын электрондук тизмесин түзүү зарыл

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Жыргалбек Калмаматовдун архивдик сүрөтү
Кыргызстан фракциясынын депутаты Жыргалбек Калмаматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Жыргалбек Калмаматовдун айтымында, жол кырсыгынын көбөйүшүнө унаа айдоону үйрөтүүчү мектептер күнөөлүү.
Жыргалбек Калмаматов: айдоочулук күбөлүк алчулардын электрондук тизмесин түзүү зарыл

Айдоочулук күбөлүк алчулардын электрондук тизмесин түзүү зарыл. Бул тууралуу "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Жыргалбек Калмаматов парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыгынын көбөйүшүнө айдоону үйрөтүүчү мектептер себепкер.

"2013-жылы 1220 киши, 2014-жылы 1022 киши, 2015-жылы 1059, 2016-жылдын жети айында 577 адам жол кырсыгынан каза болгон. Бул кырсыктардан көбөйүшүнө автомектептер күнөөлүү. Алар жакшылап окутпайт, жада калса атайын унаасы жок эле күбөлүктөрдү берип жатат", — деди депутат.

Депутат электрондук тизмектин жардамы менен айдоочу канча жолу сабакка келип, экзаменди кандай тапшырганын билүүгө болорун белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0