Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эркин Каимов: таш кулатуу жолдогу коопсуздук үчүн жасалып жатат

© Фото / Эркин Болжуров"Кыргыз темир жолу" Улуттук компания" мамлекеттик ишканасынын маалымат катчысы Эркин Каимов
Кыргыз темир жолу Улуттук компания мамлекеттик ишканасынын маалымат катчысы Эркин Каимов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргыз темир жол" мамлекеттик ишканасы жаздын келиши менен жыл сайын темир жана автомобиль жолдорунун айлана-тегерегинде оңдоп-түзөө иштерин жүргүзөт.
Эркин Каимов: таш кулатуу жолдогу коопсуздук үчүн жасалып жатат

Бишкек — Нарын — Торугарт автожолунун Боом капчыгайынын 120-чакырымында таш кулатуу иштери каттамдардын коопсуздугу үчүн жасалып жатат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" Улуттук компания" мамлекеттик ишканасынын маалымат катчысы Эркин Каимов билдирди.

Ал аталган жолдо 30-40 автомашина чогулуп калса таш кулатуу иштери токтотулуп, ИИМдин Кайгуул милициясы аларды улам өткөрүп турарын айтты.

"Андыктан, жүргүнчүлөр менен автомобиль айдоочулардан түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз. Бул албетте, коопсуздукту камсыз кылуу максатында жасалып жатат", — деди Каимов.

Ал учурда бул иштерди аталган ишкананын жол чарбасы боюнча филиалы аткарып жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0