Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Чолпон Орозобекова: каттоосу, окутканга шарты жок медреселерди текшерүү зарыл

© Фото / Нурай Женишбековаконфликтолог жана журналист, Женева университетинин магистратурасынын эл аралык коопсуздук жана дипломатия бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү Чолпон Орозобекова
конфликтолог жана журналист, Женева университетинин магистратурасынын эл аралык коопсуздук жана дипломатия бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү Чолпон Орозобекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакында "Кыргызстандагы диний билим берүү: медреселер чукул реформага муктаж" деп аталган баяндама жарыкка чыкты.
Чолпон Орозобекова: каттоосу, окутканга шарты жок медреселерди текшерүү зарыл

Булан институту диний окуу жайлар болушу керек деп эсептейт. Себеби, диний билим алуу ар бир атуулдун конституциялык укугу. Бирок анын сапатына кабатырбыз. Бул туурасында Булан институтунун Борбор Азия программасынын жетекчиси, конфликтолог жана журналист, Женева университетинин магистратурасынын эл аралык коопсуздук жана дипломатия бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү Чолпон Орозобекова Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине айтып берди.

Религиозное обучение девочек в школах Малайзии - Sputnik Кыргызстан
Тизелеп окуган балдар, "жок болуп кеткен" кыздар. Медреселерди реформалоо сунушталды
"Бул жааттагы билим берүүнүн сапатын жогорулатыш үчүн ыкчам чаралар көрүлүшү керек деп эсептейт. Андыктан "Кыргызстандагы диний билим берүү: медреселер чукул реформага муктаж" деп аталган баяндаманы жарыяладык. Эки ай иликтөө болду. Бизге маалымат топтоп, медреселерге барып, ахвалдарын көрүп, анда окуган балдар жана мүдүрлөрү менен маектерди жасап, КРдеги 12 журналист көмөк көрсөттү. Андан сырткары, диний аалым, теолог, социологдор, муфтияттын адистери, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын адистери болуп, ар тармакты алганда 50дөй эксперттен маек алдык. Демек, баяндамада ар тарапты камтыганга аракет кылдык", — деп айтты Орозобекова.

"Аны жарыялоодон мурда беш адиске окутуп, алардын бизге айткан кеп-кеңештерин эске алуу менен бир топ өзгөртүүлөрдү киргиздик. Андан сырткары, баяндаманы муфтиятка да, мамлекеттик дин комиссиясынын өкүлдөрүнө да жибердик. Ошентип, баянды жарыялоодон мурда, кошумча маалыматтар болсо аларды кошконго аракетибизди жумшадык", — деп билдирди конфликтолог.

Орозобекованын пикиринде, Ислам дини боюнча окуу жайларга, алардын окуу программаларына, дегеле ал жакта эмнелер окутулуп, кимдер сабак берип жатат деген маселеге мамлекет тарабынан эгемендиктин 25 жылында эч кандай көңүл бурулган эмес.

"Биз светтик мамлекетпиз, диний иштерге кийлигише албайбыз, бирок бир мамлекетке жашап жаткандан соң кайдыгер кароого болбойт. Медреседе окуп жаткан балдар биздин балдар жана биздин келечегибиз болгондон кийин ортодо кызматташтык, албетте, болушу керек", — деди ал.

Ал 2014-жылдан тарта бул тармакта жылыш болуп, Коопсуздук кеңешинде 2014-2020-жылдарга Кыргызстандагы диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепция кабыл алынганын эске салып, мечиттер жер-жерлерде мечиттин астында медресе ачып алган учурлар абдан көп кездешип жатат деген пикирин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0