Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Султан Өмүров: жер өтмөктөр оңдолгондон кийин соодагерлердин ою да эске алынат

© Фото / пресс-служба правительства КРНачальник управления муниципальной собственности мэрии города Бишкек Султан Омуров
Начальник управления муниципальной собственности мэрии города Бишкек Султан Омуров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй — Манас проспектилериндеги жана Чүй — Абдрахманов көчөсүндөгү жер өтмөктөрдү оңдоо иштерин баштоо 15-апрелге пландалган. Ага шаардык бюджеттен 36,5 миллион сом бөлүнгөн.
Султан Өмүров: жер өтмөктөр оңдолгондон кийин соодагерлердин ою да эске алынат

Бүгүн эртең менен шаардык мэриянын алдында 20 адамдын катышуусунда митинг болду. Анда жер алдындагы өтмөктөрдө соода кылган жарандар оңдоо ишине нааразычылыгын билдирип чыгышкан. Анткени алар ижарага алган соода түйүндөрүнөн ажырап каларын айтып, кабатырланышууда. 

Ал эми шаардык бийлик оңдоо иштери бүткөндөн кийин соодагерлер менен акылдашып, түшүнбөстүктөр жоюлуп, маселенин баары мыйзам чегинде чечиле тургандыгын билдирди.

Бишкек мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Султан Өмүровдун айтымында, соода түйүндөрү боюнча ал жакта иштегендердин пикири сөзчүз эске алынат.

"Биринчиден курулуш иштери аякташы керек. Андан кийин кандай шартта, эмне соода түйүндөрү жайгаштырыла тургандыгы аныкталат. Анан, албетте, курулуш иштери бүткөндөн кийин соодагерлер менен кеңешип, алардын талап, сунуштарын эске алабыз ", — деди Өмүров.

Эске сала кетсек, мэрия буга чейин түшүндүрүү ишин жүргүзүп, ремонт иштеринен соң соодагерлер ишин уланта берерин кабарлап келген.

Чүй — Манас проспектилериндеги жана Чүй — Абдрахманов көчөсүндөгү жер өтмөктөрүндө оңдоо иштерин баштоо 15-апрелге пландалып, ага шаардык бюджеттен 36,5 миллион сом бөлүнгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0