Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ахмед Нурмамбетов: унаасын сатып, каттоосу өзүндө калгандарга жардам бере албайбыз

© Sputnik / Табылды КадырбековКРдин Кайгуул милиция башкы башкармалыгынын ага тескөөчүсү Ахмед Нурмамбетов
КРдин Кайгуул милиция башкы башкармалыгынын ага тескөөчүсү Ахмед Нурмамбетов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин Кайгуул милиция башкы башкармалыгынын ага тескөөчүсү Ахмед Нурмамбетов унааны ишеним кат менен айдап жүргөн айдоочуларды табууга мүмкүнчүлүк жок экенин белгиледи.
Ахмед Нурмамбетов: унаасын сатып, каттоосу өзүндө калгандарга жардам бере албайбыз

Кайгуул милициясы унаасын сатканы менен каттоосу өзүндө калып, айып баракчалары үйүнө келип жаткан жарандарга жардам бере албайт. Бул тууралуу КРдин Кайгуул милиция башкы башкармалыгынын ага тескөөчүсү Ахмед Нурмамбетов билдирди.

Анын айтымында, учурда аталган маселе боюнча 20га чукул адам арыз жазган.

"Бизге унаасын сатып жиберип, бирок жаңы ээсине каттатпаган адамдар кайрылууда. Анткени айыптар алардын үйүнө келип жатат. Ачыгын айтканда биз аларга жардам бере албайбыз. Анткени айдоочуларды тапканга мүмкүнчүлүгүбүз жок. Алар деген мыйзамдуу түрдө унаа ээси болуп саналат", — деди Нурмамбетов.

Ал эгерде унаалар уурдалганы аныкталса, анын ээси айыптан бошотуларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0