Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Түркияда окуган Манасбек Максутов: Кыргызстанды жакшы жагынан тааныталы дедик

© Фото / Нуркен Усон уулуСтудент из Кыргызстана в турецком городе Кайсери Манасбек Максутов
Студент из Кыргызстана в турецком городе Кайсери Манасбек Максутов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайсери шаарындагы Кыргызстан студенттеринин биримдиги 2016-жылы түзүлгөн.
Түркияда окуган Манасбек Максутов: Кыргызстанды жакшы жагынан тааныталы дедик

Түркиянын Кайсери шаарында окуган кыргызстандык студенттер өлкөнү жакшы жагынан таанытуу максатында Эржиес университетинде маданият күндөрүн өткөргөнүн студенттер биримдигинин негиздөөчүсү Манасбек Максутов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, учурда аталган окуу жайда кыргызстандык 85 студент билим алат.

"Кыргызстанга таандык жакшы салттарды, адаттарды, улуттук өнөрлөрдү келгендерге түрк тилинде айтып бердик. Өзгөчө манасчылыкка абдан таң калышты. Андан тышкары, кара жорго бийи, комуз күүлөрү тартууланып, бешикке салуу салтын көрсөтүү менен бирге улуттук кийимдерибиз тууралуу маалымат бердик", — деди Максутов.

Белгилей кетсек, Кайсери шаарындагы Кыргызстан студенттеринин биримдиги 2016-жылы түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0